Бир аял үйүнүн алдында ак сакалдуу үч абышканы көрүп калат. Сырткы көрүнүшүнөн жол жүрүп, чаңкап, чарчап турганын сезген аял аларга: ʺЖолоочу көрүнөсүздөр, курсагыңыздар да ач болсо керек, үйгө кирип даам татып кетиңиздерʺ - дейт. Алар: ʺҮйдө кожоюнуңуз барбы?ʺ - деп сурашат. Аял: ʺЖок, жолдошум жумуштаʺ- деп, жооп берет. Абышкалардын бирөөсү: ʺЭгер жолдошуңуз үйдө жок болсо, анда биз үйүңүзгө кире албайбыз, күйөөңүз келгенче күтө туралыʺ - дейт. Кеч кирип күйөөсү жумуштан келген соң, аялы болгон окуяны күйөөсүнө айтып берет. Окуяны угаар замат аялына: ʺYч абышканы чакырып кел, конок кылалыʺ- дейт. Аял эшике чыгып, абышкалардын үйгө кирүүсүн суранат. Абышкалардын бири: ʺКызым, мунун аты ʺИйг