ЖАҢЫ ТӨРӨГӨН КЕЛИНДИ КАНТИП ТЫҢЫТУУ КЕРЕК?
Келиндин жумуш кылбай жатып алышы кыргызда жат көрүнүш. Көнгөн адат боюнча жаңы төрөп келген келин жатып алуудан тартынып, жумуш кылып жүрө берип, жакшы тыңыбай калышы мүмкүн.
ЖАТЫН
Төрөт учурунда аялдын 12 мүчөсүнүн баары ажырап ордунан козголот, бир гана кирпиктин бул процесске тиешеси жок. Ордунан козголгон орган, мүчөлөрдүн калыбына келиши үчүн 42 күн керектелет. Калыбына келүү процесси бала төрөлүп, эненин бооруна жаткызылган мүнөттөн тарта башталат. Баланы эненин бооруна жаткызганда энелик сезим күчөйт да, окситоцин гормону бөлүнүп чыга баштайт. Бул гормондун жардамы менен жатын булчуңдары жыйрылып, кичирейет. Төрөгөндөн кийин жатындан кан