Каарманым – жарандык активист Эртай Искаков. Элдин калың катмарына таандык көйгөйлөрдү жарыялап, аны чечүү жолдорун издеп, айтор, коомдук-саясий абалга кайдыгер эмес. Мисалы, Кыргызстанга оң рулдуу унааларды мурдагыдай эле шартта киргизүү керек деген демилгенин активдүү жактоочусу.
Хирургдардын ишинде “ой, тобоо” деп жаканы карматкан окуялар көп учурайт. Бул жолу белгилүү врачтар кызыктуу, өзгөчө окуяларын айтып беришти. Адам организми таң калычтуу жана сырдуу экенине дагы бир жолу ынанасыз, окурман.
Жаңы жүз. Алп куудулдардын жолун улантайын, элге күлкү тартуулайын деп сахнага чыгып, аздыр-көптүр элге таанылып калды. Сиздерге жаш куудул Алисултан Супатаевди тааныштырабыз.
Бүгүн түрк кинематографиясында орду бар таланттуу актёр Мерт Языджыоглунун өмүр таржымалына токтололу деп турабыз. Мунун жөнү бар, анткени ал баш каармандардын бирин ойноп жаткан “Кызыл бутон” сериалы учурда Кыргыз жергесинде да кызыгуу менен көрүлүүдө. Баса, аны айрымдар белгилүү актриса Афра Сарачоглунун мурунку жигити катары да таанышат.
Статистикалык маалыматка таянсак, өлкөдө жаңы курулган ар бир төртүнчү үй-бүлө ажырашууга дуушар болот. Бул ачуу чындык, коомду ойлондура турган көрүнүш. Бул жолу мусулманчылыкта аял-күйөөнү заматта чоочун адамдарга айланта турган талак темасына токтолобуз. Талак - жоопкерчиликсиз күйөө үчүн аялдан кутулуунун оңой жолубу? Күйөөлөр аны керт башынын кызыкчылыгы үчүн туура эмес багытта пайдаланып жатышабы? Талак кандай учурда берилет, кайсы учурда өтөт же өтпөйт? Ушул сыяктуу суроолорго адистерден жооп алдык.
Белгилүү ырчы, аккордеончу, кыргыздын мыкты уулу Рустам Сагыналиев кырчындай 40 жашында дүйнө салды. “Баарына, сахналаш досторума, жоро-жолдошторума, туугандарыма ыраазычылык билдирем. Колумдан келсе, баарын бириктирип кучактап, чын жүрөгүмдөн бекем кыскым келип жатат. Жүрөгүм жетет, бирок кучагым жетпейт”. “Супер-Инфо” гезитине берген акыркы маегинде ушундай деген эле Рустам мырза. Эми ал тарых, ырчыны жакындары, санаалаштары эскеришет.
  • Класс
(Башы өткөн сандарда)
Канат түн бир оокумда ойгонуп кетип, телефонун караса Жанат чалган экен. “Эмне болду экен?” деп чалса тиги жооп берген жок. “Жөн чалбайт эле” деп тынчсызданып жатты. Уйкусу качып, ордунан турду да, кийинип алып машинесин айдап Жанаттын үйүнө жөнөдү. Эшигин каккылады, эч ким ачкан жок, бир топко каккылап туруп эми кетейин дегенде коңшусу чыкты.
(Башы өткөн сандарда)
Айзаданын мынча убакыттан бери үйүнө кайтпаганы Аманы абдан таң калтырды. Издейин дейт, кайдан издерин билбейт. Милицияга кабар берсемби деп ойлонот, кайра өз артынан коркот. Кечээ эле араң кутулуп чыктым го, дагы бир нерсеге илешип алып отурбайын. Келсе келип калар, келбесе да көрөрмүн деп оюн жыйынтыктап Айзаданын үйүндө жашоосун улантып жатты.
Белгилүү ырчы Курал Чокоев учурда кызыгуу арттырып жаткан “Жамийла” мюзиклинде Даниярдын образын аткарып жаткан чагы. Маектешүүгө барсак аталган мюзиклге даярдык көрүп жатыптыр. “Мен абдан бактылуумун, анткени эки кесибимди бир сахнада айкалыштырып жатам, мюзиклде роль аткаруу мен үчүн чоң тажрыйба. Ал эми концерттерибиз аншлаг менен өтүп жатат”,- дейт Курал мырза.
Кутман күн! Апталык жылдыз төлгөнү окуп алыңыз🌹
Показать ещё