Жердеш кыздар карабайсынар,
Же сүйүүмдү баалабайсыңар.
Кызыл аскердин кара көздөрү,
Сүйдүргөндөн тажабайсыңар.
Жаш жүрөктү жаралайсынар,
Жабыркатып албайсыңар.
Мен силерге сүйүм арнасам,
Теңиңерге ай албайсыңар.
Буйруса! Ноокат районунун Кеңеш айыл өкмөтүнүн Кызыл аскер айылынын жалпы кыздарына.
Күндөн күнгө сен өзгөрүп бараттың,
Сүйүп жүргөн жүрөгүмдү канаттың.
Жылмайынкы жаркылдаган жүзүмдү,
Муздак түндүн кабагына айлантың.
Ар бир таңда жаным деген сөздөрүң,
Жаным эмес саламың жок өзгөрдүң.
Түбөлүккө сизди сүйөм деп айткан,
Кайда калды ошондогу сөздөрүң.
Күлүп турган күлбөй калды көздөрүм,
Мээрими жок таш боор болуп өзгөрдүм.
Сүйөмүн деп каттуу берген убадаң,
Жалган баары сенин ошол күлгөнүң.
Кеттиң менден анда дагы унчукпадым,
Жалган сүйлөп мени алдап турсаң дагын.
Оор келдида сенин айткан бир сөзүң,
Апасы жок деп жүрөгүмө канжар сайдын.
Оа билем ал чындыктан качалбайм,
Апаке деп башка жандай айталбайм.
Ар кимге мени жаман деп айтып жүрөсүң,
А мен сага жамандык эч бир каалабайм.
Бактылуу бол бакыт менен өмүр сүр,
Эч муңайба байагыдай күлүп жүр.
Бирок сага бир нерсени айтайын,
Мындан ары эки жүздүүлүк кылбай жүр.
Баары эле мендей эмес унутпа,
Аларды да мендей көрүп алдаба.
Жалган сөзүң эки жүздүүлүк жагыңды,
Бир эле мен көтөрөм садага.
Бир эле мен алдасанда жылмайган,
Апасы жок деп кемсинтсенда жылмайган.
Кетсең дагы чыныгы жүзүңдү көрсөтүп,
Бир эле мен сага бакыт каалаган.
Өчкөн жанмын эми күйүп жаналбайм,
Өлбөстүктө өзүмдү эптеп абайлайм.
Боло албадым балким сага татыктуу,
Бирок чындык сүйгөндүгүм таналбайм.
Ар күн сайын алсыздыгым күнөөлөп,
Жүрөгүмдүн тереңи абдан өртөнөт.
Мендик болбой кийин кокус кезиксек,
Айтаттырсын эски тааныш бирөө деп.
Унуттум деп алдап келем өзүмдү,
Апаке сен үчүн дайым кылам дуа,
Аллахтан сурайм сизге бейиш гана.
Бейиштинда эң жогорку тепкичи,
Фирдаустан орун алчы Алтын апа.
Жаным апа түшүмдө сиз көрдүм,
Көргөнүмө ишене албай оксудум.
Чын эле бул сенсиңби жаным апа,
Деп бутуңа бирганча ирет жугундум.
Эч нерсе тең келбеген ыйык жан,
Кучактасам бейиш жытты жыттанган.
Асылым жалгым жароокерим,
Ал менин менин гана жаным апам.
Махаббат бул сезимдердин уулусу,
Кош жүрөктүн бир максатта согушу.
Ансыз өмүр токточудай сезилет,
Эгиз жүрөк дайым бирге болушу.
Жолугууга шашып жетип барасың,
Жаным десе жайын таппай каласың.
Ак баракка кээде жазып ырларын,
Ал жөнүндө аруу ырлар жазасың.
Сүйөсүңбү? Демек аны аздекте,
Колун кармап түбөлүккө коёбербе.
Эгер сүйсөң чын жүрөктөн сен аны,
Үйлөн досум үлпөт менен далилде.