Хансарайда жашасаң да,бул дүйнө сага тардык кылуусу мүмкүн.
Үңкүрдө жашасаң да,Алла жүрөгүңдү кең кылып коюусу мүмкүн.
Бир туугандарың болсо да,жашоодо жалгыз калууң мүмкүн.
Өзүң жалгыз болсоң да,айланаңда бир туугандарың толтура болуусу мүмкүн.
Кээде досторуң артыңдан канжар уруусу мүмкүн.
Кээде душмандарың жашооңду сактап калуусу мүмкүн.
Аялды сүйүү - эркектин табияты.
Аны бактылуу кылуу - чеберчилик.
Ал эми ага мээрим төгүп, бөтөн эркектерден коргоо - чыныгы эркектик.
Бир көргөндө сүйүп калуу - дүйнөдөгү эң көп таркалган көз оору болуп эсептелет.
Дүйнөдө ушундай көз жаштар бар - көздөн эмес, жүрөктөн агат...
Өтүп кеткен ишке эч качан ыйлаба!