2~бөлүм.....
........Айыл ичине бат эле кеп тарткап кетти. Эки .адамдын башы бириксе эле кобурашып, ушак куушат....
———Уй тиги Камчыбек райистин уулу камалып кетиптирго уктуңарбы бото—оом! Шумдуктууну чыгарып, тиги орустун балакатка жете элек кызыны зордоп койгон имиш ! Ой шерменде , эми элге сөзү өтөт беле ?!0оойии десе капырай! Камчыбек бул тарткылыкты көтөрө албай төшөккө суй жыгылды. Тамакка табити да жок, жалгыз уулунун бул кылган күнөөсү көтөрө алгыс эле. Абдан эле уят болду.. Эл ичинде көтөргөн башы жерге ийилди. Намыс —жигитти өлтүрөт —деген сөзгө даана ынандык. Сөлөкөтү эле калды.. Атын минип кечинде Любанын үйүнө бет алды... Люба күйөсү Даниел экөө жактырбай , артын карап кыйгач бурулду.. Аттан түшүп, жакын келди.
——Даниел ! Саламатсыңбы ?! Силер менен сүйлөшкөнү келдим!
Люба Даниелди жулкултада үйнө алып кирип , эшигин жаап,
——Эмнеге эшигиңдин алдына келтирдиң тигини , кызыңдын акыбалын кара , эне сүтү оозуна кете элек наристени не күйгө ,.салды. Баласыны бошоткону келсе керек ! Сен жок дегин!
——Люба кымбатуум! Мен да сен сыяктуу балдарыма сээримдүү атамын. Мен де да акыл бар. Кой мындай кылыгыңды, жүр үйгө келген адамды кет деп болбойт. Камчыбек бизге жер берип, эл бөлгөндө аларды тыйган адам. Мындай кылбагын башка. —деп чыгып кетти. Жанатан бери алардын күбүр—шыбыр дабыштарын угуп турган Камчыбек Даниелдин чыгып келгенин көрүп туруп калды.
——Камчыбек, быйыл алма жылы болду. Алма аябай мол түшүм берип жатат. Кел моореки алма бакты аралай сүйлөшүп келсек, ?!
——Туура айтасың , жүр бассак басалы.
Экөө ээрчише бак аралай басып кетти. Талаа ,адырдагы чөптөр эчак эле саргайып, бүткөн. Сентябрь айы болгондуктан, алма кызарып бышып калган убакыт эле. Уулунун камалганына да эки айдан өттү.Меүүн шамал бетке уруп, чачын аймалап, сапырып, жатты. Алма бактын ичи көк беде. Экөө аралай басып, жаратылыштын көөздугуна суктана басып баратышты... Дөңгө чыгып, олтурушту, артында латоктон шарылдап аккан туптунук ак суу. Кызыл, сары болуп мөмөлөрүн көтөрө албай ийилип калган алчалар.
.................Камчыбек ойлуу сөз ачты. :
——Даниел , сенин алдыңда көтөрө алгыс күнөөлнү адамдарбыз. Уулумдун мындай ишке кол урганына азыр деле такыр ишене албаймын. Мерездик! Эгер кечире алсаң кечир. Катуу өкүнүп турамын.
——Камчыбек сен жакшы адамсың! Ар дайым сен бүтүргөн иштерге, сен баштаган, уюштурган адамдарды суктануу, таң калуу менен карап келгенмин. Сенин уулуң экенин укканымда ишенгеним жок болчу. Мен адашып жатышат деген элем. Таң калыштуусу чын болуп чыкты.
——Күнөө менде . Жакшы тарбия бере албаганымда болду. Эл, жумуш, деп жүрүп өз канымдан пайда болгон баламдын тарбиясын унутуптурмун.... Кечир , кечир бизди аялыңдан ,кызыңдан да кечирим сурайын... ?! Кеч болсо да .
——Макул, анда ошондой кыл...
Экөө көөпкө сүйлөшүштү. Кеч та кирип калды. Ээрчише Даниелдин үйүнө келишти. Люба кызынын чачын өрүп олтурган эле. Камчыбекти көрөр замат, Настя апасынын артына бекинди. Кыздын көзүндө жек көрүү да, корку да турган... Камчыбек аяр басып келип, жанына жакындаганда
——Кызым, коркпо ! Ал акмак жазасын алып жатат. Бизди кечир ,
——Түнү менен уктатпай жатабы күнөө азабы.?
Кечирим сурап же уулуңузду чыгарып алуу үчүн келдиңизби? Менин кызымды шерменде кылды, оорулуу кылып койду. Адамдардан качып, жапайы болуп калды... Кызымдын ден соолугу ,эртеңки жашоосу үчүн ким кепилдик берет?! Балаң эртең эле бошоп чыгат, дагы жашай берет. Аа менин кызымчы ?!
——Люба болду ! Болду кыл ! Акмактын ишин кылба , сенден кечирим сурап келди ак сакалы менен. Уулунун акмакчылыгына эч качан атасы же апасы жооп бербейт. Алар жаман иш кыл деп чыгарат беле? Болду токтоткула !
Камчыбек орус улутундагы Даниелдин ушунчалык акылдуу адамдыгына ичи жылый жүрүп баратты... Кабагы бүркөө, көзү сүзүлүп, эч темкеге чамасы жок, ой менен алышып бара жатты... Алдынан чыгып кош колдоп салам берген адамдарга да бир жылмайып койбосо , ички дүйнөсү да караңгы от жакса жылый турган абалда эмес болчу.......
Үйүнө келип, келини менен аялынын жылуу учурашып тосуп алганына таңыркап калды.. Колун жууп, дасторконго олтурганда кемпири Жыпара Камчыбекке жакында
——Абышка сүйүнчү бериң! Жамандыктын артына жакшылык бар дегени ырас экен...
——Ээ кемпир кайдагы сүйүнчү. Менин тапканым сеники да . Айтчы жүрөгүмө бир азда болсо жылуулук кирсинчи жан дүйнөм жарды болду..
——Ой келинибиздин башы караңгы экен. Ботом коркуп айтпай жүрүптүр. Кусуп ооруп жатамын десем энем «сен оорукчан экенсиң , үйүңө кет десе эмне кыламын —деп .. Ой тообо көзүм көрбөгөндө жашырып өзү да билбей жүрмөк..
——Камчыбек олтурган жеринде ыйлап жиберди.... Көз жашы агып , сакалына кирип жатты...
Ээ абышка бошошо түшкөнсүзго. Мен ыйлачуу элем. Менден өтүп көз жаш төккөнүңүзгө ай жол болсун... —деп Жыпара ичтен катты.... Темирдей катуу абышкасыны уулунун кылган кесепети бир азга болсо пейилин жумшартып, жашык кылып, сакалдары актаралап карыта түшүрдү.....
Келинине көңүл буруп, небере жытын искейбиз деп экөө тең алаксый түштү...
Эки кызы келип кетип, турду.. Туң кыздары экөөнү тең ушул эле айылдын жакшы үй бүлөөлү адамдарга келин кылып берген. Түйшүгү көптүгүнөн келе да алышпайт. Жакшы жашап жатканынан Камчыбек эч качан келбедиң же койбодуң деп айтпайт. Келген күндө да , бар эми кызым, барып кайнене кайнатаңдын жумушун кыл. Таза бол. Мага сөз алып бербе. —деп жолуна салат...
.......Кыш өтүп, жаз келди.... Камчыбек уулунун артынан бир да кабар алган жок..... Талаага да чыкпай , иш ордун акылдуу айылдан чыккан Мырзага өткөрүп берди... Өз келери кечке үйдө жер иштетип алек. Жума намазга барып койбосо элге да аралашпай калды... Жыпара бата, той топурга барып койбосо ал деле үйдө .. Уулунун күйүтү аны да жүдөттү... Камчыбектин үн сөзсүз, кабагы салынкы жүргөнүн көрүп , эзилип Уф деп үшкүрүп алат.. Гүланда болсо , күндөн күнгө басып турганы оорлошуп, жүрөт.. Үйүнө кеткиси келип, бирок ичиндеги баласын аяп, кайнатасын, кайненесин айяп эч жакка кетип кала албады... ........... Күн тунду кубалап. Ай артынан ай отуп жатты.
Гүланданын эти ооруп, кошунасы Абылкасымга кирди.
——Абылкасым ! Оо Абылкасым!
——Ээ Камчыбек ава тынчылыкпы , караңгыда коркутуңузго аябай. Уктаа жаткан элек , талаадан келип чарчап. Ассаляму алейкум ак сакал.
——Ва алейкум салам. Уулум келинимдин эти ооруп калды. Тезинен тракторуң менен щаарга жетикир шаарга . Жардам бер балам..
——Аа түшүнүктүү ава! Азыр, азыр, ээ Батма тур ээ мага кийим кече даярда. Бол батырак !
Камчыбек аванын келини көз жарат экен, ооруп жатыптыр бол катын ! Бол!
Уйкудан арааң көзүн ачкан аялы нааразы боло кыймылдап, кийимин таап берди..
Дарбазанын ачып жолдощун күтүп турду.. Тракторун от алдырып, тырылдатып Камчыбек аваны салып үйгө барышты... Уялып ичине салып ыйлап олтурган Гүланданы салып, шаарга алып жөнөдү... Тарактордо тырылдап таштан —ташка секирип жүрүп, Гүланданын төрөтү да бышып калган экен. Барып эле көз жарып алды. Балканактай уул төрөдү.. Камчыбекке неберсин ороп алып чыгып, сүйүнчү пулун алып ,неберисин колуна берип , ичкери басып кетти... Өңү кубара, наристени колуна алалбай коркуп, титиреп, эки көзүнөн мончок —мончок жаш тоголонду.. Колундагы небереси тыпырчылап, эмчек издеп улам—улам үн чыгарып ыйлап койот. Ыйлагын кулагына бир жагымдуу угулат! Кичинекей көздөрү, жука ничке эрини, эки жакка чойроңдотуп дагы ыңаалап койот.. Камчыбектин оң желкесинен таптап, Абылкасым ——небереңиздин өмүрү узуун бодсун! Эл керегине жараган мыкты азамат болсун. Сизди тарткан , темирдей жигит болсун ава !
——Ырахмат уулум! Ырахмат ! Өзүңдүн небереңди көкүрөгүңө кысып, жытын эскеп туруу кандай бакыт экенин мына бүгүн туюп турамын. Ушул күндү , ушул сааты кадыры мен үчүн кымбат. Арманым жок уулум. Азыр жаным чыкса да ыраазы болуп кетемин. Мен бактылуу инсанмын.. —деп дагы бышкактап ыйлап кирди...
Ал кечеде келинин башка бөлмөгө которгон соң ,көңүлү жай алып анан үйнө кайтышты.. Уктабай олтурган Жыпара абышкасын көрүп сүйүнүп жетип келди..
_
——Ийе абышка эмне болду? Теги эсен аман көз жарып алдыбы ?!
——Жүр , жүрөгой кемпирим, үйгө кирели. Эң жакшы жаңылыгым бар. Аллах бизге уул небере берди. Атаңдын гөрүү ! Өзүм эле !
—— Оо! Жараткан бизди унутпаганың чын экен! Айланайын кудайым , ырахмат, ыраазыбыз! Эсен аман уулум чыгып келсе ,уулун колуна алып, бооруна кысып, кучактап ойнотсо кана эле эми .. Садага болоюн келиним Гүланда теги кыйналбадыбы , абышка !?
——Эми кыйналды. Байкуш, менден тартынып ыйлай албайт... Ичине салып, акыры чыдабай айттым, ыйла балам, үнүңдүн жетишинче бакырып ыйлай бер. Сенин жаныңдын кандай ооруганын мен кайдан билейин —деп айттым..
——Садага болоюн мен барганымда жакшы болмок.
——Ооба да кемпир. Батпай калбадыңбы . Эртең барасың. Небереңдин алдына.
—Макул абышка , анда мен сары майга ун кууруп, эртең таң атпай туруп атала бышырайын. Кордо жасап, айран катыктап алайын. Небереме сүт болот... Уул төрөгөн аялдар ыссыкчан болушат . Кордону көбүрөк ичсин. Кел абышка жатып эс алалы...
Арадан үч күн өтүп, неберсин үйүнө алып киришти. Курсагы тоюп, томпоюп уктап жатканын көрүп экөөнүн тең эт жүрөгү эзилип кетет... Камчыбек бекинип терезеден жүз жолу карайт. Жыпара болсо үнү угулса келининен мурун чуркап кирет... Айланып садага болуп ошол бала менен кыйла алаксый түшүштү. Неберем акылдуу, мыкты адам болсун,, эл башкарсын, журт башкарсын деп атыны Болуш койду...
Болуштун күндөн —күнгө кылытары көбөюп, карап койсо да күлүп жайдаары бала болду.. алты айдан ашып жетинчи айга өткөндө Асанкалый абактан бошоп келди... Аксакалдарды чакырып, кой союп куран окутушуп, жети токоч бышырышып, мечитте олтурган аксакалдарга таркатышты... Койдун этинин жарымын айыл ападагы бей бечараларга беришти.. Кыштын күнү эле.. Кар калың жаап, сууктан сырта турган ат , уйлар кыйрап өлдү. Ошол жылы жаныбарларга өлөт тийди.. Камчыбектин да бир уйю, эки кою өлдү.« Жамандык, оору сыркоо уйга, жаныбарга көрүнсүн »—деп тым болушту... Асанкалый абактан жакшы жакка өзгөрүлүп келген жок. Кайра ичкилик менен дос болуп, орой мүнөз эртеңин ойлобогон адам болуп чыга келди... Келген күндөн баштап, ар күнү мас болуп келет.. Мына бүгүн арадан бир ай өттү.. Эми эски дартарын унутуп, неберси өз менен кошо алып келген , бакыт, кубанычтын даамын татып ырахаттана башатаганда баарын талкалап жатты... Бүгүн да бутунда туралбай мас. Келип уктап жаткан Гүланданы жөнү жок , тургузуп уруша баштады...
——Ээй Туур! Тур дейм! Бар мага суу алып кел.
——Макул жата туруңуз. Азыр. Чыгып баратканда каттуу кыйкырыктан Болуш ойгонуп ыйлай баштады...
Эшике чыгып кете албай уулуну уктатууга аракет жасап жаткан Гүланданын чачынан алып, сыртка сүйрөп баратты.. Ооруган чачын жыйялбай кыйкырып жиберди... Жаактан аары чаап, муштумдап бетке сокту.. Чыңыра ийилип калган кезде ичине тээп салды. Бүк түшүп, деми чыкпай жатат. Болуш болсо кыйкырып, чыңырып тыпырап ыйлап жатат.. Жыпара чачы саксая кирип келди...
——Ооо Караң күн! Өлтүрүп койбо бирөөнүн баласын , акмак ! Ушул аракты ичкенден көрө каныңды ичип калбапсың! Акмак ! Жат укта !
Апасына да баш бербей кыйкырып жатканда Камчыбек колуна камчыны алып кирип баштан ылдый чаап, жаткыра койду...
——Атаңдын гөрү ! Алкаш! Өлүп калбайсыңбы сендей уулдан көрө мага дагы бир кыз бербептир. —деп титиреп , жүрөгүн мыкжып олтуруп калды... Атасынын келтегинен өзүнө келе түшкөн Асанкалый үн катпай жатып калды...
Эртеси көк ала болгон Гүланда үй жылытып, мешке от жагып жүрөт . Тамак ысытып. Кыңшылап ыйлаган уулун чоң атасынын астына алып келип берди . Чоң атасы көөп көтөргөндүктөн , жылмайып таанып барат. Кучактап алып олтуруп кайра уктатып койду. Койсом уйкусу бузулат деп , койнунда ыссык алып олтурду.. Баары ордунан туруп, тамакка олтурушту.. Асанкалый тамагын кырып, сыртка чыгып, кайра жаткан бөлмөсүнө кирип жүрөт . Бул жакка кирүүгө бети чымырап. Атасынан коркуп..
Жыпара билип калып , жанында олтурган абышкасына —Абышка , уулуң туруптур.
——Ээ атасынын ! Калп эле өлүмүш болуп, тамагын кырганын кара ! —деп жек көрдү.
——Койюң эми абышка, урушпаң , тамак ичип алсын. Анан кеңири түшүндүрөлү, ал деле адам түшүнөттүр. Ушул уулу үчүн да ичпей калышы керек.
——Чакыр уулуңду!
Жыпара чыгып, алып кирди. Күнөөлүү баладай тизелеп , дасторкондун четинде башын жерге салып олтурат.
Эч ким үн катпады.. Колун араң сунуп, чай алып, тамагын да араңдан ичти.. Көк ала болгон Гүлсүндү көрүп, чочугандай көзүнүн кыйыгы менен улам карайт . Кечирим да сурай албады. Аңгыча төрүдө жаткан Болуш үн чыгарып туруп калды. Чоң атасыны күтүп , ошол тарапты карап койот.
Көзүн ачып эле ойной баштайт. Ата, ата деп үн салып та калган.
——Атаңдын гөрү, жаман атаңды не кыласың. Алкаш атаңды , сени ойлобой тоголонуп ичип жүрөт көчөдө. Апа де, эне де , чоң ата де ! Ээ сени мурдусунан ушул баланы —деп эркелете колуна алды... Жыттап , алдына алып олтурду...
Жерден башын албай ; — ата , апа кечирип коюңуздар. ..........Мен эми башка аракты оозума да албаймын. Эми ичпеймин!
— Ошондой кылчы балам. Сени көрүп эзилип бүттүм. Ак тарап, ак мээнетибиз менен элден кем кылбай бактык. Арактан алыс болчу балам... —деп Жыпара көз жашын аарчыды.
—— Болду эми ! Өсөөрүбүз калбады, өлөөрүбүз эле калды. Бир бутубуз салаңдап гөрдө турат. Менин барымда өзүңө келип, бутуңа туруп кал балам. Сенден кийин үлөнгөн досторуң, үй кылып, талаада эгин эгип, турмушун сүйрөп жүрүшөт... Сен колуңда бар байлыкты кармап кал... Эртең мен өлгөндөн кийин кор болуп жүрбөгүн. ! Мындай кетсең! Эртең ооруканага барып , каныңды жуудуруп, жатып кел. Анан экинчи колуң аялыңа тийбесин. Ал да бирөөнүн баласы. Жаны ооруйт. Аял киши. Сен мындай кетсеңер кандай жашоо болот? Аялга кол көтөргөн эркек , эркек эмес дейт. Аялды эмне үчүн аласың? Сенин тукумуңду улап, сенин жакшы ,жаман күнүңдө жаныңда туруп, сага далдоо болуп, каарыганда бир пияла ыссык чайын берип, пешенеңде олтурса ал бакыт эмеспи?! Же каарыбай ушул бойдон өтүп кетемин деп ойлоп жатасыңбы? Бул жашоодо өлбөй түркүк болгон бирөө жарым бар бекен өзү? Ия ? Кичине каары , жаштын арасында жүрүп, аралашып, оорун колдон алып, кадыр баркка жетишпейсиңби ? Алкаш ал дедирбей. Кези келсе көчөдө өтүп бараткан ит та тоготпой калат. Эээ балам ! Эсиңе тут ушул сөздөрдү. Кайткың келет артка, жакшы жашоого бирок өтө кеч болот. Сага ишенип , жардамга кол сунган адамдын өзү жок болуп калат.....
Асанкалый күңк дебей сөздү угуп , бир ооз сөз кошпой олтурду.. ....... Ушул убакытка чейин кылган кылыктарына , баскан жолдоруна, көргөзгөн өнөрлөрүнө аттиң кылды, уялды... Жаңы жошоону баштагысы келди... Атасынын сөздөрү таасир берип, көчөгө да чыкпай , уй койго чөп салып, астын тазалап, отун кыркып, аялына жакшы мамиле кылып, уулун карап, көтөрүп, эркелетип мээрим төгүп калды...
Кыш ичи аябай бактылуу үй бүлөө болуп ...
Жаз келди , айлана нурга бөлөнүп, күн жылып, канаттуулар келип, түркүн кубулжуган үн салып, гүлдөр гүлдөп, айланага көрк келди. Жашыл майдан, адырларда алма, алча, бадам, апапак гүлүн ачып, бак дарактар бүр ачып, жан жаныбар төлдөп, айланада кыбыраган толтура элдер... ! Кашка суулар тоодон тоого, кулап, таштан —ташка урунуп, шаркырап агып жатат...
Камчыбек талаадагы сугат жерине жандыктарына жем болсун деп арпа данын эгемин деп жер таярдап, Асанкалыйды ээрчитип көргөзүп жүрдү..
Баласы да ордунан туруп каз —каз таштап калган кез. Күндөн күнгө жаңңы өнөрлөрү чыгып, күлкүсү тыйылбай, ыйлаганда өжөрдөнүп кудум эле Камчыбек чоң атасы. Неберсин тонуна катып алып, таң эрте менен таза абада, кечинде айлантырып келет. Бүгүн да талаадан небересин сагынып эрте баса берди. Асанкалый Трактор пайлап олтураган, качан кезегим келет экен деп. Айылда атагы чыккан эки алкаш Жанадыл менен Осмон келип учурашып туруп калышты..
Алардан качып, өзүн оолак тартып жатты.. Осмон кырка таяп калган орто бойлуу киши эле. Төрт алты баланын атасы. Күн алыс ичет. Жанадыл болсо арактын айынан үй бүлөөсүнөн да ажыраган... Асанкалый шашып артын карап баратканда , Осмон жете келип желкеден алды..
——Ээ иним атайын алыстан сени көрүп келсем эмне качасың? Кел мында олтур ичпесең да . Же бизди тоготпой калдыңбы ? Өткөндө эле артыман кубалап, сая түшүп жалынып ичип жүрбөдүң беле ?!
——Ээ ага , сиздер ичиңиздер. Мен жумушумду бүтүрөйн. Анан келемин , кандай дейсиз?
——Жок , жо—оок болбойт. Эмне тоготпой жатасыңбы алкаштар деп. Ээ иним ичимди өрттөп жатат. Дагы ичтим. Азыр жарылайын деп жатамын күйүтөн кел мында олтур. Сүйлөшөйлү .—деп сөзгө тартты....
Автор Жаңыл.
Уландысы бар...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 17