Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Табигый дарылык ресурстар, дарылоо-ден соолукту чыңдоочу жерлер жана курорттор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамга кол койду.
Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан 2016-жылдын 14-январында кабыл алынган.
Мыйзам укуктук актыларды инвентаризациялоонун жыйынтыктары боюнча, «Табигый дарылык ресурстар, дарылоо-ден соолукту чыңдоочу жерлер жана курорттор жөнүндө” Мыйзамдын жоболорун Конституцияга, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” конституциялык Мыйзамга, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, “Кен байлыктар жөнүндө”, Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүүчү система жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө” мыйзамдарга шайкеш келтирүү максатында кабыл алынды.
Кабыл алынган Мыйзамдын негизги жоболору курорт иштери жана эс алуу чөйрөсүндө Өкмөттүн ыйгарым укуктарын аныктоого жана тактоого багытталган. Ошондой эле Мыйзам тактоо жана редакциялык мүнөздөгү оңдоолорду камтыйт.
Мыйзам расмий жарыяланган күнөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Источник: http://batken.kg/tabigy-j-dary-ly-k-resurstar-dary-loo-den-sooluktu-chy-doochu-zherler-zhana-kurorttor-zh-n-nd-my-jzamga-zg-rt-l-r-kirgizildi/ #политика #президент #мыйзам
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев