*🔰 ЗУЛЬ-ХИЖЖА АЙЫНЫН ОН КҮНҮНҮН АРТЫКЧЫЛЫГЫ*
*❓ СУРОО: 49042*
Зуль-Хижжа айынын алгачкы он күнүнүн башка күндөргө салыштырмалуу артыкчылыгы барбы? Ушул күндөрү көбүрөөк кылына турган ибадаттын түрлөрү кайсылар?
*♻️ ЖООП:*
Аллахка алкыш-мактоолор болсун!
Зуль-Хижжа айынын алгачкы он күнү - ибадаттын эң сонун мезгилдеринин бири. Аллах Таала ага башка күндөргө салыштырмалуу өзгөчө кадыр-барк бөлүп көрсөткөн. Ибн Аббастан (Аллах алардан ыраазы болсун) риваятта Пайгамбар ﷺ айтты:
*«Аллах үчүн Зуль-хижжа айынын алгачкы он күнүндө жасалган солих амалдардан да сүйкүмдүүрөөк амалдар жок». Андан: “Аллахтын жолундагы жихаддан дагыбы?», - деп сурашканда, ал ﷺ: «Эгер өмүрү менен мал-мүлкүн тобоке