"Ынтымак бар жерде, ырыс бар!"
Саясий сабатсыздыктын, коомдук адилетсиздиктин, мансапкорлук ой жүгүртүүнүн кесепетинен, мамлекетибиз өнүкпөй артта калды. Экономиканын оор шартына кабылган элибиз, турмуш тиричилик маселесин чечүү максатында дүйнөнүн ар кандай булуң-бурчуна чачырады.
Кыргыздар чет өлкөдө көр оокаттын кесепетинен азап чексе да , эч бир сырын ачпай, эптеп тапкан оокатын Кыргызстанга ташып, чыдамкайлык менен үмүтүн жоготпой, салымын кошуп келет .
Бул көрүнүштү жаш кезимден баштап, көп жыл чет өлкөдө эмгектенип өз башыман өткөргөм. Өзүнүн мекенин, үй-бүлөсүн эңсеген, ар бир кыргыздын ички дүйнөсүн өтө жакшы түшүнөм. Ошондуктан, жеке турмуш маселемди чечкениме карабай, кыйналган