АКЫЛДУУ УУЛ
Эми гана күчкө толуп, 19 жашка чыккан жигитти "уурулук кылды" деп куру доомат менен камап коюшту. Баамчыл жана куу болгондуктан ал жигитти эл ичинде "түлкү" дешчү. Анын атасы карыган абышка эле. Жыл сайын огородуна картошка айдап күн көрчү. Ал уулу камалган жылы да картошка айдоо үчүн жерин жумшартканы огородуна кирип, карылыктын айынан иштей албады. Ошентип уулуна кат жазды. "Сүйүктүү уулум. Менин жанымда болуп жерди жумшартууга жардам берүүңдү аябай каалар элем... Мага жардам берчү эч ким жок." -деп кат жиберет. Арадан көп өтпөй уулунан жооп келет. "Кымбаттуу атакем. Мен огородко өтө маанилүү нерсе көөмп койгом. Сураныч жерди казбай эле коюңуз. Өзүм түрмөдөн чыкканда аны өзү