Урматтуу достор, замандаштар жана ыр күйөрмандары! Баардыгыңыздарды 9- май күнү, саат 18:30да боло турган автордук көнцертиме дагы бир жолу чакырып кетем. Ал күнү мени сахналаш санаалаштарым: КРнын эл артисти Кыргызбай Осмонов, Абдыманап Төрөбеков, Камчыбек Турсункулов, Бакыт Ыбыкеев, Гүлзат Байзакова, Дилшат Кангелдиева, Айбек Касымов, Бактыгүл Бокоева, Гүлназ Бекбосун кызы, Алишер Тоотаев, Кубат Бектемиров, Рустам Азиреткулов, жаш ырчылар Чыңгыз Турдубеков, Жайнагүл Кайрат кызы, Сурма Тургунбек кызы, "Кыз-Бурак" жана "Биз" топтору коштоп турушат. Алып баруучу: КРнын эмгек сиңирген
артисти, белгилүү кино жана театр актёру Рахматулла Таабалдиев. Концерт толугу менен ЭлТР коомдук телерадио компаниясы тарабынан тасмага тартылып алынат. Жеңиш майрамын бирге тосолу, келиңиздер, сиздерди күтөбүз!
Байланыш телефону: 0772740013.