Өлдүң, бүттүң! унутулуп кетесиң.
Ашып барса, бир жыл турат элесиң.
Өлгөнүңдө, жакшы эле деп ыйлашат.
Ага чейин, баягы эле немесиң.
Тирүүңдө, кемчилигиң издешет.
Кемчилигиң үчүн каргап тилдешет.
Жакшылыгың өлмөйүнчө билинбейт.
Өлгөнүңдө, жакшы эле да иий дешет.
Ким билет эй, тагдыр айткан шарт бекен.
Же бул ооруу, көнгөн адат дарт бекен.
Кечээ эле жинди дешчү бир киши.
Өлдү эле, угуп көрсөм март экен.
Тирүүндө бир жакшы сөз кыйбасак.
Туурабы анан? ал өлгөндө ыйласак.
Эки жүздүүлүктү коюп адамдар.
Тирүүлөрдү, тирүүндө сыйласак.
Баары өлөт! ким бар экен өлбөгөн?
Ким бар экен, ажалына көнбөгөн?
Бир өмүрдө, эки башка кубулуп.
Пенделердей наадандарды көрбөгөм.
Өлдүң,