Бир ишти кылсаң же кылбай калсаң, анын себептерин аныктабай туруп шыбап кирмей. Айрыкча өмүрү кол алышып көрбөгөн адамыңды жамандап же ага сын айткандай кандай акың бар?! Жүрөгүн колуна алып көрдүңбү, жан дуйносун билдинби? Балким ал адамдын биз билбеген көйгөйү, арманы бар чыгаар. Мүмкүн биз билбеген себептерден, сен күткөн ишти кылган жок. Балким анын келечектеги биз көралбаган пландары бардыр. Сен андан акылдуу көрүнүп, ал жөнүндө жазып атканыңда , ал чындап ооруп жаткандыр. Орой айтканда сен өзүң кимсиң? Адамдардын ичинен өзгөчө жаралган урматтуу пендесиңби? Бирөөнүн жашоосу, аялы, куйоосу, баласы, жумушу, кесиби менен сенин ишиң канча? Же анын турмуштагы кыйынчылыктарын баарын алаканыңа салып көрүп чыктыңбы? Айбандан айырмаланып адам болом десең, өзүңдү оңдогонго кириш. Ансыз деле мына эми баарын толук түшүнүп адам болоюн деп калганда, эшикти тыкылдатып Азирейил периште кирип келет. Ар бир оозубуздан чыккан тыбышка, созго, баскан кадамга, ар бир жазгандарыбызга, көргөн нерселерибизге жооп беребиз. Муну эч качан унутпа!!!
Женишбек Жумакадыр
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев