Бирөөнү сындаганга өтө шыктуу окшойбуз. Бир ишти кылсаң же кылбай калсаң, анын себептерин аныктабай туруп шыбап кирмей. Айрыкча өмүрү кол алышып көрбөгөн адамыңды жамандап же ага сын айткандай кандай акың бар?! Жүрөгүн колуна алып көрдүңбү, жан дуйносун билдинби? Балким ал адамдын биз билбеген көйгөйү, арманы бар чыгаар. Мүмкүн биз билбеген себептерден, сен күткөн ишти кылган жок. Балким анын келечектеги биз көралбаган пландары бардыр. Сен андан акылдуу көрүнүп, ал жөнүндө жазып атканыңда , ал чындап ооруп жаткандыр. Орой айтканда сен өзүң кимсиң? Адамдардын ичинен өзгөчө жаралган урматтуу пендесиңби? Бирөөнүн жашоосу, аялы, куйоосу, баласы, жумушу, кесиби менен сенин ишиң канча? Же анын тур