КЫЙЫНЧЫЛЫКТАН ЧЫГУУГА ЖАПАДАН ЖАЛГЫЗ ЖОЛ
Шейх Ибн ал Жаузи (Аллах аны рахматына алсын) айткан: “Эгерде сен чыгууга оор болгон кыйын акыбалга түшүп калсаң, колуңан келген жалгыз нерсе – бул күнөөлөрүңө тооба кылгандан кийин (күнөө жазага алып келет), коргоо сурап, Аллахка кайрылууң. Ошентип күнөөлөр кечирилгенден кийин жазага себеп жок болот. Эгерде тооба келтирип, андан соң дуа кылганыңдан кийин да дуаңа жооп болбосо, анда амалдарыңды карап көр. Балким тообаң туура эмес болгондур, андай болсо аны оңдо да, кайра дуа кыл жана дуа кылгандан тажаба. Балким дуаңа жооптун кечиктирилип жатканы сең үчүн берилген пайдадыр, а балким дуаңа жооп берилбегендигинде сен үчүн пайда жаткандыр, ошондуктан сен