Аял жаман, аял арсыз дейсинер,
Кайда калды, ар-намыстуу эркинер.
Кыз келинге, жаман айтып кемсинтип,
Жоголгондой эркек деген кейпинер.
Кыздар кара, тазасы жок дейсинер,
Уяттан да чымырабайт бетинер.
Ой жугуртуп, таразалап коргуло,
Бир мезгилде, жаш кыз болгон эненер.
Аял затка бут туйшукту арттынар,
Уйлонбостон, ээрге тийип алдынар.
Унчукпаса карышкырдай уулаган,
Жок экен ээ, антынар да арынар.
автор: Венера Мырзабекова