Жаныш Курбанов, багбан: "Эрменди кайнатып туруп картошкага, алмага чачсаң, такыр курт жолобойт.
-- Жаныш ава, аксылыктар сизди мыкты багбан катары таанышат, дайыма кеңеш сурашат. Бул өнөрдү кантип үйрөнгөнсүз?
-- Мен питомникке директор болуп иштеп жүргөндө токойдун көп сырларын үйрөндүм. Көчөт өстүрүүнү, кеселдеген дарактарды дарылоону. Анан 2015-жылы айылга көчүп келген соң, эл менден кеңеш сурай башташты. Бирөөгө үйрөтүш үчүн даярдык керек да. "Башкаларга үйрөтөм" деп өзүң дагы үйрөнө баштайт экенсин. Мен да китепканаларды кыдырып, багбанчылык боюнча китептерди окуй баштадым. Ошол китептер мага чоң жардам берди.
-- Азыр алма гүлдөө алдында турат. Аны качан, канча жолу дарылаган туура?