Кыргызстандын жана Пакистандын тышкы иштер министрлери 21-майда Астанада жолугат. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн тышкы иштер министринин орун басары Авазбек Атаханов Пакистандын элчиси Хасан Али Зайгамды кабыл алган.
Жолугушууда элчи Хасан Али Зайгам чет элдиктер аралашкан 18-майдагы окуя боюнча маалымат алууда көрсөткөн жардамы үчүн кыргыз тарапка ыраазычылык билдирди.
Министрдин орун басары окуя жөнгө салынып, кырдаал укук коргоо органдарынын толук көзөмөлүндө экенин, бардык тиешеси барларга карата иликтөө иштери жүрүп жатканын белгиледи.
"Тараптар 21-майда Астанада өтө турган ШКУнун саммитинде эки өлкөнүн ТИМ башчылары Жээнбек Кулубаев менен Мохаммад Исхак Да
Бишкекте One Run жарым марафону өттү. Ага 1200 адам катышты.
Маршрут борбордук көчөлөрдү бойлой шаардын кооз жерлери менен өткөн.
Ушундай эле жарыш Россия, Беларусь, Тажикстан, Кытай жана Өзбекстанда уюштурулат.
Улуттук тарых музейинде "Музейдеги түн" акциясы өтүп, анын алкагында бир убакта 50 иш-чара уюштурулду. Акциянын эң кызыктуу кадрларын биздин сүрөт лентадан көрө аласыз.
Жалал-Абад шаарында эски борбордук мечиттин ордуна жаңы заманбап мечит курулат.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 17-май күнү жума намаз маалында мечиттин курулуш иштерин өзү көзөмөлдөй турганын билдирген.
"Мечиттин курулуш иштерин өзүм көзөлдөп турам. Урматтуу президентибизден уруксат алдык. Садыр Нургожоевич да курулуш иштерине колдоо көрсөтөрүн айтты", — деген ал.
Мечит 10 миң адамга ылайыкталып, эки жылда курулуп бүтөрү айтылды.
Улуттук тарых музейинде орустун улуу акыны Александр Пушкинге арналган иш-чара өттү.
Ал "Музейдеги түн" иш-чарасынын алкагында уюштурулду. Программада "А.С.Пушкиндин сыйкырдуу жомоктору" деген иллюстрациялардын көргөзмөсү, "Александр Пушкиндин жомок ааламы" тасмасы, викторина, "Пушкин жана... Михайловское" мультфильми жана башкалар көргөзүлдү. Иш-чараны Бишкектеги "Русский дом" өткөрдү.
Эске салсак, быйыл Россия президенти Владимир Путин Александр Пушкиндин 225 жылдыгын белгилөө боюнча жарлыкка кол койгон.
Президент Садыр Жапаров аялзатын Энелер күнү менен куттуктады
“Биз дүйнөнү энелерибиздин бешик ыры менен тааныйбыз. “Ыңаалап” жарык дүйнөгө келгенден тарта ак сүтүн арнап берип, түн уйкусун үч бөлүп үстүңө көпөлөктөй айланып, кара жанын карч уруп жүрүп торолткон энелерге жан курман! Кыргыз элинде тоо томкорор баатыр болсо дагы акыркы деминде эне деген ыйык ысымды оозанат”, - деди Жапаров.
Президент жаштар эң алды энени терең урматтаган адамдык улуу сапатка ээ болушу керектигин белгиледи.
“Кандай адам болбосун, кайсы жерде жүрбөсүн, эне мээрими аны ар дайым эңсетип, эне кучагына чакырып турат. Себеби жашообуздун жарыгы, өмүрүбүздүн чырагы – Эне. Жалпыңыздарды жарык дүйнөгө алып келген энел
"Музей түнү" иш-чарасынын бир бөлүгү орустун улуу акыны Александр Пушкинге арналды. Аны Бишкектеги "Русский дом" уюштурду. Программада "А.С. Пушкиндин сыйкырдуу жомоктору", "Александр Пушкиндин жомок дүйнөсү" деп аталган иллюстрациялар, викторина уюштурулуп, "Пушкин жана … Михайловское" мультфильми тартууланды.
Эске салсак, быйыл Россия президенти Владимир Путин Александр Пушкиндин 225 жылдыгын белгилөө боюнча жарлыкка кол койгон.
Өлкөнүн бардык аймактарында бүгүн "Музей түнү" акциялары өттү.
Алардын башкысы Улуттук Тарых музейинде өтүп, бир эле учурда 50гө чукул иш-чара уюштурулду.
Программада өтө кызыктуу кылып түзүлгөн, "Манас" эпосун айтуудан тарта улуттук кийимдердин көргөзмөлөрү, ар кыл мастер класстар өттү.
Показать ещё