Быйылкы жылдын апрель айында Кытай менен ЕАЭБдин ортосунда өз ара кызматташууну тереңдетүү боюнча атайын сүйлөшүүлөр жүргөн. Бул туурасында Евразиялык экономикалык комиссиянын соода министри Андрей Слепнев "Россия жана Кытай: жаңы доордогу кызматташуу" деп аталган эл аралык конференцияда айтты.
Биргелешкен комиссиянын Пекинде өткөн IV отурумунда транспорт коридорлорун санариптештирүү, техникалык жактан жөндөө, бажы кызматташуусу, санитардык жана фитосанитардык чаралар, электрондук соода жаатында кызматташуу боюнча макулдашуулар болду.
Министрдин айтымында, келечекте буга окшогон жолугушуулардын алкагында өз ара мамилени, иштешүү тармактарынын тизмесин кеңейтүү пландалууда.
"Мында транспор
Бишкектин Ленин райондук соту саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин өзүнүн ар намысын, абийирин коргоо жана моралдык чыгымын өндүрүү үчүн мурдагы депутат Жусупбек Коргонбай уулуна койгон доосун канааттандырды. Бул тууралуу жактоочу Кайсын Абакиров билдирди.
Эске салсак, март айында ошол кездеги депутат Жусупбек Коргонбай уулу Жогорку Кеңештин жыйынында Бейшеналиевди кылмыштуу топко тиешеси бар деп айыптаган. Ошондо эле анын "Черный хирург" деген каймана аты бар экенин айткан.
Саламаттыкты сактоо министри буга байланыштуу сотко кайрылган. Фемида өкүлү Коргонбай уулун бул айткандарын төгүндөөгө жана Бейшеналиевге моралдык зыян үчүн 10 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирген.
Б
Түркиянын Стамбул шаарында төрт кабаттуу үй урап, бир киши көз жумду. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Бүгүн эртең менен Стамбулдун батыш тарабындагы Күчүкчекмеже районундагы имарат урап, кишилер урандынын алдында калган.
Куткаруучулардын бир адамдын сөөгүн, андан сырткары жети кишини тирүү алып чыгышканын кабарланды. Соңу маалыматта экөөнүн абалы оор экени, уранды алдында дагы бир адам болушу ыктымалдыгы айтылган.
Жергиликтүү бийлик, Стамбул провинциясынын башчысы Давут Гүл бул атайылап жасалган жардыруу эместигин билдирген. Ал үйдүн 1988-жылы курулганын кошумчалаган.
Өлкөдө кийинки жылдан тартып мектеп окуучулары массалык түрдө футболго тартыла баштайт. Бул план Футболду өнүктүрүүнүн улуттук программасында жазылган.
Программа алдыдагы он жылды камтыган. Ага ылайык, билим жайларында окуу жылында футбол менен машыгууга 20 саат бөлүнөт.
Ошондой эле бийлик өлкөдөгү ар бир футболдук клубдун астында жаштар үчүн футбол академиясын ачууну көздөп жатат.
Саясатчынын пикиринде, Украиналык армиянын Россиянын аймактардындагы объектилерди аткылоосуна уруксат берүү көп америкалыктардын өмүрүн алат.
Кыргызстанда туулган мушкер Дмитрий Бивол ливиялык атаандашын утуп, чемпион наамын сактап калды.
Ал жарым оор салмак категориясындагылардын арасында Эр-Рияд шаарында өткөн мелдеште рингге чыкты. Бивол атаандашы Малик Зинадды алтынчы раундда нокаут менен жеңип, WBA Super жана IBO версиялары боюнча чемпиондук курун эч кимге берген жок.
Ал эми 30 жаштагы Зинаддын спорттук карьерасындагы бул алгачкы утулуусу. Мушкер 22 жолу жеңген. Дмитрий Бивол 33 жашта, 23 жолу беттеш өткөрүп, биринде да жеңилүү ызасын тарткан эмес.
Эми Бивол жыл соңунда жарым оор салмактагылардын арасында "Дүйнөнүн абсолюттук чемпиону" наамы үчүн Артур Бетербиев менен беттешет.
Жамааттык Батыш Украинадагы нацизмдин бардык түрүнө көз жумуп келүүдө, анткени өлкө ага Россияга каршы күрөшүү үчүн гана керек. Бул тууралуу "Без срока давности" долбоору үчүн маегинде РФ ТИМинин башчысы Сергей Лавров билдирди. Интервью ведомствонун сайтына жарыяланган.
Дипломат өз сөзүндө Экинчи дүйнөлүк согуш, Улуу Ата Мекендик согуш, фашизм тууралуу айтып, тарыхты бурмалоонун кесепетин түшүндүрүп берген.
Лавровдун маегинин урунттуу учурлары:
▪️тарыхты жаңылап жазып, нацизимди жеңгендерди кайра ошол улутчулдарга теңөө аракеттерин байкап жатабыз. Бул Украинанын мисалында өтө так, даана көрүнүп турат;
▪️прибалтикалыктар поляктар жана чехтер менен чогулса европалык структулардагы эң эле а
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн снаряддары Донбасста жүздөн ашык баланын өмүрүн алган
Алматыда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун алкагында коргонуу министрлеринин отуруму өттү
Показать ещё