(түнкү саат 00:25 болду).
Дагы билгендер болсо ой бөлүшүп пикир калтырыңыздар.
#БАЛАЛЫГЫМДЫН УЛАНДЫСЫ.
Ошентип Эки-Нарын айылындагы касиеттүү карыялар тууралуу аңгемемди аяктагандай болдум. Ал эми кийин окууга барган Таш-Башаттын карыялары тууралуу өзүнчө дагы узун сабак сөз бар. Татья жеңем келин болуп келгенден кийин башка туугандардын үйүнө барбастан Мүсүр чоң атамдын үйүндө гана болуп калдым. Жаңы келген жеңемдин жанынан чыкпайм. Жеңем келгени үйүбүзгө береке кирип чоң атамдын үйү бака-шака, Татья жеңем дагы жумушка тың, жүрүшү шайдоот, жасаган иштери шамдагай болуп тез эле элдин оозуна алынып кетти. Мүсүр чоң атамдын үйү тап-таза болуп мизилдеп эле калды.
Мен ошол балалык жылдары көптөгөн ойго батып келечекте ким болоорумду көп ойлоноор элем. "Куш уядан эмнени көрсө ошону алат" деген макалдай адегенде малчы жана мергенчи болууну каалап жүрдүм. Атам өмүр бою мал артында жүргөндүктөн мен дагы атамдын жолун жолдоону көздөп өзүнчө эле романтикага батчумун. Чоң атамдын короосунда эки-үч топоздун тай торпоктору бар. Мен кечке чейин ошолорду үйрөтүү менен алектенем. Көпкө чейин алышып жатып бир-экөөнү үйрөтүп да алгам. Эми келечегим жөнүндө элестетип, чоңойгондо ошол топоздорду ээр токуп минип аска-зоолордо мал кайтарууну каалар элем.
Анткени топоз баласы бышык болуп тоо ташта кыйын жүргөн жайы бар. Аска-зоодо азыгыңды артынып алып, бир метр калың карды жиретип жүрүү кандай гана рахат деп элестетчүмүн. Эми анын баары балалык кыял болуп толук ишке ашпай кала берди.
Бирок мен ушундай асыл кыялдар менен 14-15 жашыма чейин алектенип жашап келдим.
Менин дагы бир кубанычым болуп жаздын күнү биздин бээлердин арасындагы тор кашка бээ суп-сулуу, татынакай болгон тор кашка кулун тууганы болду. Мындай сүйкүмдүү кулунду мен мурда көргөн эмесмин.Ошол замат эле бул кулунга деген балалык берилүүм пайда болуп, ал кулундун жанынан чыкпай калдым. Ал жаңы туулган кулундун эликтей болуп басышы, турпатынын көркөмдүүлүгү жана маңдайындагы өзгөчө жагымдуу кашкасы мени өзүнө тартып турчу. Ал тор кашка кулунга атам да өзгөчө мамиле жасап, анын келечекте бир чоң ийгилик жаратаар жылкы болооруна атамдын да көзү жеткен.Бирок чыныгы турмуш деген өз таасирин тийгизип малдын да, адамдын да келечектеги тагдырын аныктап койорун мен анда каяктан билдим?
(Ал эми бул сүрөттө мезгилсиз дүйнө салган карындашым "Жамилиа").
Уландысын төмөндөгү шилтеме аркылуу таап окусаңыздар болот. т http://ruhesh.kg/2018/03/16/tursunbek-akun-ilbir-menen-k-k-zhal-karyshkyrdyn-karmashy-zh-n-nd/
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев