(2-саны)
Ошентип Горбачевго деген элдин нааразычылыгы улам барган барган күчөп бара жатты. Бирок тарых өзү көрсөткөндөй Горбачёв менен Сахаровдун жеке дуелинде убагында Горбачев жеңгендей болгону менен акыры Сахаров женүүчү болуп чыкты. Анткени улуу окумуштуунун айткан сөздөү көп жагынан туура болгонун турмуш өзү далилдеди.
Кайра куруу идеясына каршы күчтөр колдон келген каршылыктарын көрсөтүштү. Горбачёв акыры өзүнүн идеясынын курмандыгы болуп, ГКЧП тарабынан Форпосто саясий жана тактикалык жактан барымтага алынып, акыры СССР тарап, Президенттик кызматы өзүнүн-өзү жоюлуп кетти.
Кайра куруунун желаргысы Кыргызстанга чейин жетип Компартиянын демилгеси менен кээ бир жерлерде эркин, альтернативалуу шайлоолор да боло баштады. Ошондой алгачкы теңтайлаш шайлоолордун бири К.И. Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунда болду. Институттун бошогон ордуна альтернативалуу түрдө ректор шайлай турган болдук. Бул ишти жогорку деңгээлде уюштуруу үчүн Кыргызстан Компартиясынан өкүл болуп партиянын билим жана илим болумунун башчысы Аскар Акаев келип, өзү бул ишти көзөмөлгө алып турду.
Ошондо мен Аскар Акаевди жакын жерден биринчи көрүшүм эле. Ал болсо Президиумда башкалар менен бирге олтурду. Мен болсо Институттун жыйындар залында жаштар менен бирге олтургам. Ошентип институттун ректорунун ордуна Компартия тарабынан ошол кездеги Ысык-Көл облусунун Түп районунун биринчи секретары болуп иштеп келген техника илимдеринин кандидаты Валерий Григорьевич Мамонтов деген орус улутунун өкүлү көрсөтүлдү. Ал эми институттун коллективи тарабынан зооинженер факультетинин көп жылдан бери деканы болуп иштеп келген Абдыкеримов деген агайыбыз көрсөтүлүп калды. Ректорду биринчи жолу жашыруун бюллетень салуу жолу менен 70 ге чукул адам шайлай турган болушту. Алардын ичинде 30 добуш комсомолдорго берилди.
Анда мен институттун комсомол комитетинин секретарынын идеология боюнча орун басары болуп иштечүмүн. Жаштардын арасында чоң кадыр-баркка ээ болчумун. Тышынан көп билинбеген менен ректордук орун үчүн болгон кармаш катуу эле болду. Бардык мугалимдер орундарында отурушпай өзү каалаган талапкерге үгүттөп жатышты.
Көрсөтүлгөн эки адамдын кимиси шайланаарын эч ким билген жок. Мына ушундай учурда Борбордук комитеттен келген Аскар Акаев шайлоочуларга кайрылып эки талапкер тууралуу пикирлерди айтуубузду суранды. Ошондо биринчилерден болуп мен колумду көтөрп бир талапкерге каршы катуу сын пикиримди тайманбай айтып чыктым. Анткени талапкер катары көрсөтүлүп жаткан Абдыкеримов мени мурда өзүнүн орой мамилеси менен басынтып, мага туура эмес жана орой мамиле жасаган учуру болгон.
Мен чыгып сүйлөп "ушундай орой адам кантип ректор боло алат, жаштар аны колдой албайбыз, ал татыксыз" деген сөздөрдү айтып анын кемчиликтерин эл алдында айгинелеп салдым. Мындай ачык сындоо институттун тарыхында эч качан болгон эмес экен. Менин бул жалындуу сөздөрүм Аскар Акаевге аябай жагып "Мына жаштар ачык сындап жакшы демилгени башташты" деген менин дарегиме мактоо сөздөрүн айтты. Бирок ошондо келечектеги Президент Аскар Акаев ушул жаш жигит Турсунбек Акунов бир топ жылдар өткөндөн кийин анын Президенттик карьерасына өтө чоң зыян келтирээрин билбесе керек. Мен дагы анын бир аз жылдан кийин өлкөнун Президенти болоорун элестеткен эмесмин. Ошентип ректор шайлоодогу талкуу курч маанайда өтуп, акыры жогору жактан көрсөтүлгөн Мамонтов ректорлукка шайланды. Менин эмоционалдуу сөзүмдөн кийин комсомолдордун көбү мени колдоп, Абдыкеримовго салбай Мамонтовго добуштарын берип коюшту. Ошентип өмүрүмдө биринчи жолу өлкөдөгү башталган демократиянын аркасы менен мени кемсинткен адамдын үстүнөн жеңишке жетишип, аны катуу жазалаганымды унута албайм.
Бирок өлкөнүн тарыхында биринчи жолу ушундай теңтайлаш шайлоо өткөнү чоң эле жаңылык болуп, элдин аң-сезимин ойготууга көрүнүктүү салымын кошо алды. Бул өткөн шайлоо тууралуу Республиканын бардык гезиттери жазышып, менин мындай чечкиндүүлүгүм коомчулукка биринчи жарыя кылынды.
#Балалыгым жана #чоңсаясатка #аралашуу #жөнүндө.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев