СЕНИ ЭСТЕП.
Күйсөм дагы жалыныңа садагам,
Сени сүйүп бар жогуңа кайылмын...
Карегиңдин көргүм келбейт тамчысын,
Дайым мага жаздай болуп жайылгын.
Аз өмүрдө азгырбайлы дүйнөгө,
Ансыз деле алат мезгил акысын...
Көпчүлүккө жагынам деп ынтылба,
Бир адамдын жетет ачсан бактысын.
Нелер өттү канча мезгил артынан,
Таарыныч бар, сагынуу бар аларда.
Бирок билем ортобузда АК сүйүү,
Жашап келет көңүл бөлбөй аларга...
Автору: Алым Маликеев.
ҮЛБҮРӨК. Бүгүн дүйнөм өзгөчө бир кубанып, Бүгүлгөндөр түздөлүүдө уланып... Соолуп барам деген экем билбестен, Кайраттанып баратамын чыңалып. Өзүмө - өзүм таңданамын ойлоном, Кыял экен азгырыкка тойбогон... Токтотомун деген сайын жымыңдап, Кайра сүйүп, ойноок сезим койбогон. Сыйкырдуу жан экениңди билбепмин, Сыйкырладың жан дүйнөмдү илгепсиң. Мурда өзүмдү алсыз адам дечү элем, Азыр болсо жашагым бар... издеттиң. Мендик сезим сени менен бир журөт, Сагынтырдың жүрөгүмдү Үлбүрөк. Кезигер күн кайсыл мезгил болду экен, Көргүм келди көздөрүңдү бир ирет.... Автору: Алым Маликеев.
КҮНДӨР КЕЛЕТ
Кимде күнөө экендигин билбедим,
Табам дедим жакшы сөздү өзүңдөн.
Сагындырып сүйлөшсөкта мейличи,
Бирок аттиң табалбадым сөзүңдөн.
Ооба сенин айтканыңдай адаммын,
Күнөөлөй бер күнөөм деле калбастыр.
Сага такыр тике карап сүйлөбөйм,
А сен менин кадамымды калчап тур.
Сурай берем кечиримди жалгасын,
Инсан деген адашуучу жанбызда.
Мендегини билер белең а бирок,
Тирүүлүктө мендей адам сансызда.
А мен болсо кичи пейил адаммын,
Билсем дагы тийбейм катуу көңүлгө.
Жөпжөнөкөй сактап келем өзүмдү,
Убактым жок жамандарды көрүүгө.
Күндөр келет калкып чыгат чындыгы,
Сур булуттай көк асманда күтөрсүң.
А мен жерде жүрө берем күн көрүп,
Жамгыр болуп кулап жерге түшөрсүң.
Мактанбаймын кыйын
СЕНСИҢ
Сен жөнүндө жаш баладай ой куруп,
Жамандык жок, келем жакшы битимге.
Жан дүйнөмдүн жыртык жерин толтуруп,
Эгиз жүрөк жүрөгүмдү бүтүндө.
Сени ойлоп өткөрөмүн күнүмдү,
Уктаганда көрөм сени түшүмдө.
Сагынычтын азабынан айыкпайм,
Ушул сүйүүм калса экен дейм күчүндө.
Бүт дүйнөмдү ороп чулгап алгансың,
Ак сүйүүңдөн ууландырып кичине.
Мас болгондой кайфин сүрүп жүрөмүн,
Дагы ирет даярмын мен ичүүгө.
Эч көрүнбөй сенден такыр бөлөгү,
Жашап өтөм жалгыздыктын үйүндө.
Калем менен түнү - күнү сырдашып,
Кыянаттык кетирбеймин сүйүүгө.
Сенсиң менин ак сүйүүмдүн туткуну,
Сага арнайм ушул ырды ук муну.
ав: Алым Маликеев.
СЕН ҮЧҮН
Сен делип сезим жашайт тамырдагы,
Сен үчүн жаап жатат жамгыр дагы.
Турмушта канча сыноо өткөрдүк ээ,
Сен үчүн башын ийди тагдыр дагы.
Сен үчүн сүйүү жашайт канымдагы,
Сен үчүн бүтпөс ырлар жанымдагы.
Бөлөгүнө күйбөсө да жарык нурум,
Сен үчүн оту өчпөсүн табым дагы.
Сен үчүн бийик чыгат музам дагы,
Сен үчүн эч көрүнбөйт ызам дагы.
Күн сайын көз алдыңда оролошом,
Сен үчүн ордун табат кусам дагы.
Сен үчүн өмүргө мен келгендеймин,
Сен үчүн айкөлдүктү сезгендеймин.
Сезимимин сересин сенден сүйүп,
Сен үчүн сыноолорго сезгенбеймин.
Сен деген сагынычым айыгууда,
Сага арнап жазган сырым жайылууда.
Бул жолдон канча азап тартсам дагы,
Сен үчүн жеңип өтөм кайгыныда.
Сен үчүн токтотомун бо
МАКСАТЫМ
Толгономун кубанчыма шегим жок,
Чындык менен ташты дагы жарамын.
Ичке батпай, айта турган сөздөрүм,
Акырында акын болуп жаралдым.
Ак сүйүүдө болбой такыр теңим жок,
Үмүтүм менен жетип келдим максатка.
Мени көрүп ичтен күйгөн адамдар,
Жолум торуп канатымдан аксатпа.
Эркек болуп жаралган соң дүйнөгө,
Максатыма өтө катуу турамын.
Сырттан көрүп назик жан деп ойлобо,
Чындык менен ар бириңди жыгамын.
Мен сүйүүнү өтө бийик койомун,
Ал анткеним ыйык мага сезимдер.
Коркутуп да, сатып дагы албайсың,
Мага сүйүү чындап ыйык сезилер.
Махабаттын мандаты жок теңдиги,
Байлыгына кызыгып да олтурбайм.
Сүйүү келсе кичүү жашты ылгабайт,
Мен сүйүүмдү байлык менен толтурбайм.
Буну айтканым окуп жат