Предыдущая публикация
Бүгүн дүйнөм өзгөчө бир кубанып,
Бүгүлгөндөр түздөлүүдө уланып...
Соолуп барам деген экем билбестен,
Кайраттанып баратамын чыңалып.
Өзүмө - өзүм таңданамын ойлоном,
Кыял экен азгырыкка тойбогон...
Токтотомун деген сайын жымыңдап,
Кайра сүйүп, ойноок сезим койбогон.
Сыйкырдуу жан экениңди билбепмин,
Сыйкырладың жан дүйнөмдү илгепсиң.
Мурда өзүмдү алсыз адам дечү элем,
Азыр болсо жашагым бар... издеттиң.
Мендик сезим сени менен бир журөт,
Сагынтырдың жүрөгүмдү Үлбүрөк.
Кезигер күн кайсыл мезгил болду экен,
Көргүм келди көздөрүңдү бир ирет....
Автору: Алым Маликеев.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев