Толгономун кубанчыма шегим жок,
Чындык менен ташты дагы жарамын.
Ичке батпай, айта турган сөздөрүм,
Акырында акын болуп жаралдым.
Ак сүйүүдө болбой такыр теңим жок,
Үмүтүм менен жетип келдим максатка.
Мени көрүп ичтен күйгөн адамдар,
Жолум торуп канатымдан аксатпа.
Эркек болуп жаралган соң дүйнөгө,
Максатыма өтө катуу турамын.
Сырттан көрүп назик жан деп ойлобо,
Чындык менен ар бириңди жыгамын.
Мен сүйүүнү өтө бийик койомун,
Ал анткеним ыйык мага сезимдер.
Коркутуп да, сатып дагы албайсың,
Мага сүйүү чындап ыйык сезилер.
Махабаттын мандаты жок теңдиги,
Байлыгына кызыгып да олтурбайм.
Сүйүү келсе кичүү жашты ылгабайт,
Мен сүйүүмдү байлык менен толтурбайм.
Буну айтканым окуп жаткан окурман,
Чындык изде сүйүү менен жашагын.
Баары болсун таза таттуу табигый
Менин дагы келет анда жашагым.
Калп эле, бетке маска кийгенден,
Билип калсам эки дүйнө качамын.
Токтобоймун жанында да бир мүнөт,
Көз ирмемде долон кырды ашамын.
Ал анткеним казангада жолосоң,
Акырында көөсү жугат эмеспи.
ав: Алым Маликеев.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 12